Премьер өкмөттүн жаңы курамынын долбоорун эки жума ичинде тааныштырат

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эки жума ичинде өкмөттүн жаңы курамы боюнча долбоорду парламентке алып чыгарына сөз берүүдө. Бул тууралуу ал парламенттин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Ал өкмөт жетекчилигине дайындалып атканда сөз бергендей, азыр өкмөттүн жаңы курамы боюнча иштер жасалууда. Премьердин айтымында, административдик ведомстволор боюнча өз позиция бар. “Ведомство жетекчилеринин персоналдык жоопкерчилиги каралмайынча, реформадан пайда жок”, - деди Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД