Парламенттик оппозиция 2013-жылдын бюджетинин долбоорун колдоду

“Республика” жана “Ата-Журт” фракциясыларынан турган парламенттеги “Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк” оппозициялык азчылык 2013-жылдын бюджетинин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Келерки жылдын негизги финансылык документин бюджет жана финансы комитети да колдогон.

Эскертсек, бүгүн профилдик комитеттин оппозициялык фракция өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйыны өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД