Келдибеков бир катар министрликтер менен статс-катчылардан баш тартууга чакырды

“Кыргызстанда жергиликтүү бийликтин 77% субъектиси дотацияда турат”, - деп парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков билдирди.

Анын айтымында, 524 субъектин 400гө жакыны дотацияда турат. “Мындай болуп турганда кайдагы өнүгүү тууралуу сөз болот. Элестетсеңер 524 субъектин ар биринде 30дан киши иштесе, аларды кармап турууга миллиарддаган сом кетип атат”, - дейт Келдибеков.

Ал Кыргызстанга кээ бир министрликтердин кереги жоктугун айтат. “Мамлекеттүүлүктү түзгөн министрликтер бар, аларды калтыруу керек. Реформага кайрыла турган болсок, Дүйнөлүк банк тарабынан ишке ашырылып, министрликтерге киргизилген статс-катчылар жок дегенди бир тыйын пайда алып келдиби?”, - деп суроо салды депутат.

Ошондой эле Келдибековдун түрк кредитин алуу шарттарына ачуусу келди. Анын айтымында, Кыргызстандын кредитти өздөштүрүүсү үчүн түрк бизнесмендери иштейт. “Бул кайсыл жакта бар экен, берилген кредиттен башкалар иштеп табышы керек? Алар өз бизнестерин бул жакта жайылтса, кредитти биз төлөйт экенбиз да”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД