Баткен облусунда Тажикстандын жараны килограм героин менен кармалды

Баткен облусунун Лейлек РИИБинин кызматкерлери бир килограммдан ашык герион ташыган адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер округундагы Арка айылында чек арага жакын жерден Тажикстандын 1954-жылы туулган жараны колго түшкөн. Анын жеке буюмдарын тинтүү учурунда салмагы 1 кг 35 г болгон героин табылган.

Лейлек РИИБинин тергөө бөлүмү кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз маңзат ташуу, алып жүрүү жана аны даярдоо” жана “Контрабанда” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД