Белорус президенти Бакиевдин пенсиясын которууну Кыргызстанга сунуштады

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын жаңы бийлигине экс-президент Курманбек Бакиевдин пенсиясын Минск шаарына которунуу сунуштады. Ал бул тууралуу Европа жана азия медиалары форумунун алкагында КМШ, Балтия жана Грузиянын башкы редакторлор клубунун мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдирди, деп маалымдайт РИА Новости агенттиги.

“Силер Бакиевдин пенсиясын которгула. Ал албетте ачкачылыктан өлбөйт. Бирок пенсиясы топтолуп калды аны которуу керек”, - дейт Лукашенко.

Ошол эле учурда ал Бакиевден улам белорус-кыргыз мамилелеринде көйгөй жок экенин белгиледи.

“Адам жашады, кетти. Анын балдары эң сонун, орус жана белорус тилдерин эки айда үйрөнүштү”,- деп экс-президент Бакиевдин жашоосу жөнүндө Минскте маалымдады.

Ал 2010-жылы Бакиев жок дегенде балдарын алып кетүүнү суранып, телефон чалганын айтты. “Мен ага балдарың менен кел дедим”, - дейт Лукашенко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД