Бишкекте коркутуп опузалагандыгы үчүн өспүрүм бала кармалды

Бишкекте коркутуп опузалагандыгы үчүн 14 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басмасөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын окуучулары өспүрүм рэкеттин опузалоосуна туш болушкан. Укук коргоо органдарына мектептин директору арыз менен кайрылган. Директор Элдос деген бала жетинчи класстын окуучуларынан туруктуу түрдө акча алып турганын билип калган.

Биринчи Май РИИБ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Кармоо” рейди учурунда шектүү делип 14 жаштагы өспүрүм кармалган.

Тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД