Депутаттар Орусиянын Канттагы авиабазасы салыктан бошотулганына нааразы

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Орусиянын Канттагы авиабазасы салык төлөөдөн бошотулганына нааразы болушту.

Жыйында Орусиянын Канттагы авиабазасынын статусу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев аталган база ыкчам чалгындоо компоненти жана ЖККУнун элементи катары керектигин белгиледи. “Бирок мага түшүнүксүз, кайсыл негизде бул авиабаза жерге болгон салыкты жана коммуналдык кызматка болгон төлөмдү төлөбөйт”, - дейт ал.

Башка арнамысчы депутат Каныбек Осмоналиев эмнеге жыл сайын коммуналдык кызмат төлөмдөрүн төлөө суммасы ар башка болуп келгенине кызыкты. “Бир туруп 14 млн сом, бир туруп андан аз. Эмне үчүн андай болуп атат, эмне үчүн база электрэнергия жана суу үчүн төлөбөйт?”, - деп суроо салды ал.

Коргоо министринин орун басары Замир Суеркулов чындыгында эле мурдагы жылы авиабазанын коммуналдык кызматы үчүн республикалык бюджеттен 8 млн сом, өткөн жылы 14 млн сом бөлүнгөнүн билдирди. “База ЖККУнын коллективдик коопсуздук компоненти болгондуктан бул системанын бардык түзүлүшү бекер коммуналдык кызмат менен камсыздалат. Биз салыктардын суммасын жашырганыбыз жок. Ал эми суммалардын түрдүү болуп чыгышы электр энергияны жана жылуулукту колдонуу көбөйгөндүктөн болууда. Бул база өлкө коопсуздугу үчүн тургандыктан бул сумма өтө деле маанилүү эмес. 3 млн, 14 млн, 18 млн жөнүндө айтууга мүмкүн. Орусия суммасы андан да көп аскердик техникалык жардам көрсөтүүдө”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД