Алмазбек Атамбаев: Коңшуларды тандабайт, алар менен достошуу керек

“Коңшуларды тандабайт, алар менен достошуу керек. Эгер коңшунун үйү күйүп атса, аны чогуу өчүрүшүш керек”, - деп Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Конрад Аденауэр фондунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал фонддун жетекчи орун басары Герхард Валерстин Кыргызстан Кытай-Орусия сыяктуу улуу державалардын ортосунда турат жана Бажы союзуна кирүүгө ниети бар деген сөзүнө ушундайча түшүндүрмө берди.

Атамбаев эгер Германия да Кыргызстандын коңшусу болгондо ал да Евробиримдикке кирүүнү кааламак экенин билдирди. Зал Атамбаевдин сөзүн кол чабуу менен кабыл алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД