Бишкекте шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгы чыкты

Бишкекте шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, түшкөн бардык арыз менен даттануулар каралып чыкты жана кээ бир участкаларда кайра саноо болду.

“14 участкада кайра саноо болду. Жыйынтыгында биз 7 шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген сунушту добуш берүүгө алып чыктык, бирок аны аймактык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү колдогон жок. Бир гана №1339 шайлоо участкасында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды”, - дейт Маматов.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоонун жыйынтыгы менен Бишкек шаардык кеңешке депутаттык мандат мындай бөлүштүрүлгөнүн айтты: КСДП – 21 мандат, “Республика” – 11, “Ата Мекен” – 7, “Замандаш-Современник” – 6 мандат алган. Калган партиялар жети пайыздык чектен өтө алышкан эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД