Текебаев: Биз шаардык кеңеште ойлогондон бир жарым эсе аз орун алдык

“Биз шаардык кеңеште ойлогондон бир жарым эсе аз орун алдык”, - деп “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгына түшүндүрмө берип атып “ВБ”га билдирди.

Ал партия өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык “Ата Мекен” шаардык кеңешке шайлоого чейин шаар тургундары арасында алдыда болгонун билдирди. Бирок экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанавдун “Республика” партиясы менен болгон жаңжалдар социалдык партиянын коом арасындагы рейтингине олуттуу таасир бергенин кошумчалады.

“Республика” партиясы менен болгон күрөшүү жана жаңжал биздин партиянын коом арасында рейтингинин түшүшүгө олуттуу таасир берди. Бирок акыркы маалда биз позициябызды кайтарып алдык жана коомдун бизге болгон ишеними “Республикага” караганда жогору”, - дейт Текебаев.

“Ата Мекендин” лидери КСДП партиясы ресубликачылар менен атамекенчилер ортосунда болгон жаңжалдан улам өз позициясын жакшырта алды деген пикирде.

“Сурамжылоодон тышкары шайлоочулардын активдүүлүгүн да эске алыш керек. Алар жөн гана келишпейт. Шайлоого келбей калган шайлоочулар сенин кишилериң болуп калышы мүмкүн. Балким кимдир бирөөнүн каттоосу жок болуп, тизмеден атын таппай калды. Андан сырткары партиянын мобилизациялык күчүн да эске алыш керек. Бул – административдик ресурс, финансы жана шайлоо жыйынтыгы үчүн материалдык пайдага кызыккандар. Мына ушул учурлардын баары жыйынтыкка таасир бериши мүмкүн”, - дейт ал.

Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу айтып атып, Текебаев “Ата Мекен” партиясы 12-15 орун алабыз деп ойлогонун, бирок 1,5 эсе аз орун алгандыгын белгиледи.

“Эгер биз 12-15 орун алганда негизги кызмат орундарына барабыз деп эсептемекпиз. Анда Наталья Никитенко менен Жоомарт Сапарбаев татыктуу орун алмак. Алар өздөрүн көргөзгөн жаш активисттер жана шаарды башкара да алмак. Алар шаардык кеңешке жөн гана депутат болуп барышпайт”, - деп өз сөзүн жыйынтыктады партия лидери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД