Мекеме жетекчилерин мамтилде сүйлөөгө милдеттендирген мыйзам сунушталууда

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева министрликтер менен ведомство башчыларын мамлекеттик тилде сүйлөөгө жана өндүрүш ишин жүргүзүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун тааныштырды.

Анын айтымында, мамлекеттик тил боюнча мыйзам болгонуна карабай, 23 жылдан бери кыргыз тили жакшы өнүгө алган эмес.

“Азыр ал колдоого муктаж. Мамлекет тилдин өнүгүүсүнө көңүл бурбагандыктан, бүгүн биз мамлекеттик тилди жоготуудабыз”, - дейт Аманбаева.

Ал Кыргызстан эгемендик алгандан кийин желек жана гербди кабыл алганын, бирок тил мамлекеттин негизи болот, деп баса белгиледи.

“Эгер биздин кыргыз тили болбогондо, мамлекет да болмок эмес. Чиновниктер менен саясатчылар расмий тилге жамынып алып мамлекеттик тилди колдонбой атат. Мамлекеттик тилде сүйлөгүлө деп талап кылгандарды улутчул деп атышат. 50 тилдин жоголуп кетүү коркунучу бар. Анын ичинде кыргыз тили да бар. Кыргызстанда түптүү кыргыздардын 30% мамтилде сүйлөбөйт. Борбор калаадагы 78 бала бакчанын алтоо гана кыргыз тилинде тарбиялайт. Ал эми Чүй облусундагы 100 бала бакчанын 20сы гана кыргыз тилинде тарбиялайт. Биз мамтилдин абалын жакшыртуучу мыйзам кабыл алып, анын өнүгүшүнө шарт түзүшүбүз керек”, - деп белгиледи эл өкүлү.

Ал сунушталып аткан мыйзам долбоору мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга бир катар толуктоолорду киргизет дейт.

“Мамлекеттик кызматтагылар мамтилде сүйлөп, анда иш алып баруусу керек. Бир гана зарыл болгон учурда расмий тил колдонулат”, - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД