Мелис Турганбаев: Милициянын шаардык бөлүмү өтө кейиштүү абалда

“Бишкектеги милициянын шаардык бөлүмү (МШБ) өтө кейиштүү абалда жана ИИМдин реформасын ушул жактан баштоо керек”, - деп бүгүн Бишкектин Ички иштер бөлүмүнүн башкы башкармасынын башчысы Мелис Турганбаев милиция бөлүмдөрүнө болгон пресс-тур учурунда билдирди.

Анын айтымында, ИИМдин реформасын жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнөн баштоо керек.

“Орто эсеп менен ар бир МШБга 3 млн сомдон ашык керек. ИИМ 2013-жылы өкмөттөн ушул каражатты бөлүп бергиле деп сурайт”, - дейт Турганбаев. Ал ошондой эле акыркы үч жылдан бери милиция кызматкерлери өз каражатына бөлмөлөрдү оңдоп келгенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД