Свердлов РИИБинин башчысы: Бир милиционерге 4 миң киши туура келет

Бишкекте бир участкалык милиция кызматкерине 4 миң киши туура келет. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов РИИБинин жетекчиси Айбек Нусубалиев шаардык милиция бөлүмдөрүнө болгон пресс-тур учурунда билдирди.

Анын айтымында, ага бөлүнгөн райондо бир гана канааттандырарлык деп эсептелген милиция бөлүмү бар. Калгандарынын абалы начар.

“Тартип сакчыларынын иштеши үчүн шарт түзүү зарыл жана ИИМдин ишиндеги эффективдүүлүк жогорулайт. Келечекте Свердлов районунда эки же андан көп жакшы иш шарты менен эффективдүү милиция бөлүмү болушу керек. Ал үчүн анча деле көп каражат кереги жок, бирок андай каражат ИИМде жок. Мамлекет бюджетинен ИИМ үчүн имараттарды оңдоого 30%дан көп эмес каражат бөлүнөт”, - дейт Нусубалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД