Курмантай Абдиев мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн бюджеттен каражат бөлүүгө каршы

Курмантай Абдиев мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн бюджеттен каражат бөлүүгө каршы болууда. Бул тууралуу “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, убагында эч ким ага орус тилин үйрөнүү үчүн акча берген эмес.

“Өмүр бою бул мамлекетте жашап, мамлекеттик тилде эки сөздүн башын кошо албагандарга эмне үчүн биз мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүшүбүз керек? Мен орус тили – менин экинчи эне тилим деп дайыма айтып келем жана ал тилде сүйлөй алгандыгым үчүн мен сыймыктанам. Ансыз биздин өнүгүшүбүз да мүмкүн эмес болчу. Бирок, кыргыз тилинин өнүгүшүнө да көңүл буруу керек. Мисалы, англис жана башка чет тилдерди үйрөнүү үчүн үй-бүлөлүк бюджеттен каражат бөлүнөт”, - деп өз көз карашын билдирди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД