Жергиликтүү кеңештердин алгачкы жыйыны кийинки жылы болот

Жергиликтүү кеңештердин алгачкы жыйыны кийинки жылы болот. Бул тууралуу бүгүн аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы Кайрат Маматов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, ушул жумада 25-ноябрдагы шайлоодогу АШКнын бардык протоколдорун БШК карайт. Андан соң гана мыйзам боюнча аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлангандыгы жөнүндөгү күбөлүктү тапшырат.

Маматов ошондой эле мандаттарды бөлүштүрүү жөнүндөгү бардык жыйынтыктар менен чечимдер “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланышы керектигин жана ал жарыялангандан 20 күндөн кийин гана депутаттар өз ишин баштай аларын тактады.

Эскертсек, Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгы менен депутаттык мандат төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн. КСДП – 21, “Республика” – 11, “Ата Мекен” – 7, “Замандаш-Современник” – 6 мандат алган. Калган партиялар 7 пайыздык чектен өтө алган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД