Нарматова: Мамтил мыйзамына толуктоо киргизүү азчылыктын укугун тебелебейт

“Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизүү азчылыктын укугун тебелебейт”, - деп Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тилин мамлекеттик деңгээлде колдоо керек. “Биз кыргызча сүйлөшүбүз керек. Өзүбүздүн патриот экенибизди көргөзөлү”, - дейт Нарматова.

Ал менен демилгечи “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева да макул болду. Ал бул мыйзам долбоору азчылыктын укугун тебелөөгө багытталбагандыгын баса белгиледи. “Бул мыйзам долбоору болгону мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Ким кааласа башка тилдерди деле үйрөнө алат”, - дейт ал.

Ошондой эле бир катар депутаттар аталган мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыялансын дешти. Алардын оюнда эл өкүлдөрүнүн мамлекеттик тилге болгон чыныгы мамилесин коомчулук билиши керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД