Жогорку Кеңеш билим берүү жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизүүнү жактырды

Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар билим берүү жөнүндөгү мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун айтымында негизинен түзөтүү окуу жайдын жетекчилерин тандоо боюнча киргизилди. “ЖОЖдордо тандоо принциби сакталат. ЖОЖдордун жетекчисин окуу жайдын коллективи жашыруун добуш берүү менен шайлашат. Ректорлук кызматка келүүнү каалаган үч талапкер премьер-министрге тааныштырылат. ИИМ жана Коргоо министрлигине тиешелүү ЖОЖдорго тандоонун тийиштиги жок”,- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД