Келдибеков Ташиевди камактан бошотууну кайтадан талап кылды

Оппозициялык “Ата-Журт”фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков МУККнын тергөө абагында камакка алынган коллегасы Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Келдибековдун айтымында, Ташиевдин ден соолугу начарлап аткандыгы тууралуу медициналык корутунду бар жана ага квалификациялык медициналык жардам көргөзүлүшү керек. “Корутундусу болгонуна карабай аны камакта калтырышты. Эгер бул аны басынтуу үчүн жасалган болсо, бардыгын тарых өз ордуна коет. Мыйзам алдында эртеби кечпи жооп берүүгө туура келет. Адвокат өз жактоочусу тергөө иштерине катыша албай атат деп билдирүүдө. Ал нормалдуу дарыланышы үчүн аны тезинен үйүнө чыгарыш керек. Кыргызстанда Ташиевден башка кылмышкер калбай калган сыяктуу сезилип атат”, - дейт Келдибеков.

Төрага Асылбек Жээнбеков коллегалары сыяктуу эле “Ата-Журттун” үч депутаты: Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч кат жазып бергенин белгиледи. “Бул маселе боюнча белгиленген жыйынтыктар бар. Мен жакында эле депутаттарга барып келдим. Өтүнүч кат жолдонду. Бир канча күн күтүп туралы, бирок кандай болгон күндө да бул маселеге реакция бар”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД