Бишкек АШКсы “Республика” жана “Ата Мекендин” депутаттарынын тизмесин алмаштырды

“Ата Мекен” жана “Республика” партияларынын арызына ылайык Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) бул партиялардан шаардык кеңешке депутат болчулардын тизмесин өзгөрттү. Бул тууралуу бүгүн Бишкек АШКнын төрагасы Кайрат Маматов “ВБ”га билдирди.

Маматов билдиргендей, бул партиялардын тизмеси “жумшак” типте болгондуктан, өзгөртүүгө болот. Партиялардын уставына ылайык, тизмени шайлоодон кийин өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Төрага партиялар шаарды участкаларга бөлүп алып, аларга көзөмөл кылганын айтат. Ар бир талапкерлердин тобу белгиленген участкаларга көз салышкан.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, “Республика” – 11, ал эми “Ата Мекен” – 7 мандат алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД