Алмазбек Атамбаев: Бийликте калам деп тырмышпайм

“Беш жыл ичинде биз Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктарын азайтуубуз керек. Бардыгы мыйзам алдында бирдей болушу керек. Биз коррупция менен күрөшөбүз. Чиновниктер мыйзам алдында Кыргызстандын башка жарандары сыяктуу бирдей экенин билиши керек”, - деп Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Германияга болгон расмий иш сапарынын соңунда журналисттерге билдирди.

Мамлекет башчысы президент болуу – “оор иш” деп белгиледи. Президенттин ыйгарым укуктары тууралуу суроого жооп берип атып, Атамбаев “бийликте тырмышып калууга” ниети жок экенин белгиледи.

“Бийликте тырмышып калам дебейм, ага үмүттөнбөй эле койгула. Балким менин мөөнөтүм аяктаганды кимдир бирөө жакшы же жаман ниет менен мени мамлекет башчылыгында калыңыз деп көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок айтып коюшум керек: президенттик кызмат – бул оор жумуш”, - деп белгиледи президент.

“Өлкө үчүн иштөө – оор, бирок мен муну мага жүктөлгөн жоопкерчиликти сезүү менен жасап атам. Биз тең салмактуулук системасын киргизүүбүз керек. Кызмат орду жана президенттик кызмат үчүн мамлекеттин байлыгын берүүгө даяр болгондор да бар. Бирок биз бардыгын Конституцияга ылайык жасайбыз. Ыйгарым укуктардын азаюусу боюнча маселе парламентте талкууланат. Коомдун да пикири эске алынат. Азырынча бизде парламенттик-президенттик башкаруу. Бизде кейиштүү тажрыйба бар, биз президенттерди шайлагандан кийин алар өздөрү болбосо да үй-бүлө мүчөлөрү креслого жана өлкө байлыгы үчүн тырмышышкан. Мындан эч кандай жакшы нерсе чыккан жок”, - деп кошумчалады Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД