Атамбаев: Германия биздин ири өнөктөшүбүз боло алат

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн Германияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгына канааттанды. Бул тууралуу ал расмий сапарынын жыйынтыгында журналисттерге билдирди.

“Биз мурда пландаштырбаган жакшы сүйлөшүүлөргө да жетише алдык. Мисалы, Германиянын президенти Йоахим Гуак 2013-жылдын экинчи жарымында бизге келүүгө сөз берди. Канцлер Ангела Меркель орток долбоорду ишке ашырууну аныктоо үчүн Кыргызстанга эксперттердин тобун жиберүү чечимин кабыл алды. Бул сапардын жүрүшүндө Германия менен жаңы байланыштарда алдыга жылуу болду”, - дейт президент. Ошондой эле эки мамлекеттин орток келечегине ишеним артарын кошумчалады.

“Бизде буга чейин кимдир бирөөнүн керт башы үчүн колдонулуп келген жаратылыш ресурстарыбыз бар. Анын кесепетин азыркыга чейин сезип жатабыз. Эгер башынан эле Кумтөр менен Жерүй алтын кендери туура иштетилип колдонулганда, өлкөдөгү абал азыр башкача болмок, - деп белгиледи Атамбаев. – Европа биримдиги тууралуу билбейм, бирок Германия биз менен активдүү кызматташат деп ойлойм. Бул ири жана күчтүү мамлекет. Менимче биз көп маселелер жана позициялар боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Көпчүлүгү бир нерсе болоруна ишенген эмес. Бирок башка мамлекеттер менен алака акырындык менен жолго коюлуп келатат. Мисалы, Түркия $50 млн карызды кечти, Орусия да карызды кечти. Биздин үчүнчү өнөгүбүз Германия болот. Мен буга үмүттөнөм”, - дейт Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД