Бишкектин батыш бөлүгүндө кабель жабыркагандыктан электр жарыгы жок

Бүгүн Бишкектин батыш бөлүгүндө кабель жабыркагандыктан электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр жарыгы Гагарин, Маликов, Толстой, Термечиков, Бах жана Ахунбаев көчөлөрүндө жок болот.

Мекеменин басмасөз кызматы учурда орун алган көйгөйдү чечүү үчүн электриктердин тобу иштеп атканын билдерит.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД