Парламент жыйындарын радиодон берүү көлөмүн көбөйтүү сунушталды

“Республика” фракциясынын депутаты Роза Акназарова парламент жыйындарын радиодон берүүнү кеңейтүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, региондордон жашоочулар ага кайрылып, КТРК менен “Биринчи радиону” уга тургандыктарын айтышкан. “Негизинен алар парламент жыйындарынан алынган трансляцияларды угушат. Бирок, ал толук көлөмдө чагылдырылбайт. Андыктан жыйындардан болгон радио уктуруулардын кеңейтүү маселесин кароо керек деп эсептейм”, - дейт Акназарова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД