Ош аэропортунун жетекчисин жасалма диплому үчүн жумуштан кетирүүнү талап кылышты

“Ош аэропортунун жетекчиси өз кызмат ордунда калууга моралдык укугу жок”, - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, Ош аэропортунун жетекчисине карата кылмыш иши козголгон.

“Анын эки диплому жасалма болуп чыкты. Буга карабастан ал азыркыга чейин кызматынан бошотулган жок. Балким, ал баарын сатып алгандыктан аны эч ким жумуштан ала албай атабы? Мисалы, аэропорттун мурдагы жетекчиси себепсиз эле жумуштан алынган. Азыр ал сотто утуп алды жана ал акталды. Ал дагы эмне үчүн жаңы жетекчи жумуштан алынган жок деп кызыгып атат”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД