Депутат ИИМ башкармалыгынын ыкчам жыйынынын видеосу интернетке чыкканына капа

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын ыкчам жыйыны тууралуу видеонун интернетке чыгып кеткендигин Башкы прокуратуранын иликтөөсү керектигин талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын жыйыны тууралуу видео канча күндөн бери дүйнөлүк желеде жүрөт. “Биз мамлекеттик жана аскердик сыр эмне экенине түзөтүү киргизип, аны талкуулаганда бир-бирибиз менен чабышканга чейин бардык. Бул жерде болсо ачык түрдө эле ыкчам топтун кеңешмеси интернетте жүрөт. Муну тергөө үчүн Башкы прокуратурага тапшырма бериш керек”, - дейт Мамытов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД