Депутат үйлөнүү тойдогу машиналарга тыюу салууну сунуштады

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев Кыргызстанда үйлөнүү той учурунда колдонулган кортеждерге тыюу салуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кээде өлкө президенти да өзүнө жасай албаган кортеждерди үйлөнүү той учурунда көрүүгө болот. “Бул кортеж жаман адат болуп баратат. Жаш балдар үйлөнүү тойдогу сайрандоодо өздөрүн ыгы жок алып жүрүшөт. Алар жолдорду тосуп, транспорттун жүрүүсүнө жолтоо болушууда. Авариялык учурларды жаратууда. Ал эми Жол көзөмөлдөө кызматы эч кандай аракет көргөн жок. Бул учурда кимдир бирөө ооруканага же жолугушууга шашып баратса эмне болот? Албетте – үйлөнүү той жакшы. Ошентсе да бул эмне деген салт? Бул маселеге журналисттерден башка эч ким көңүл бурбай атат”, - дейт Абдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД