Балдар үйүнөн чыккандарды мамлекеттик программа менен колдоону сунушташты

“Балдар үйүнөн тарбияланып чыккандарды колдоо үчүн мамлекеттик программа иштеп чыгуу керек”, - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко билдирди.

Анын айтымында, балдар үйүнүн мурдагы тарбиялануучулары өз көйгөйлөрү менен калып, алардын бара турчу жери жок. “Алар балдар үйүнөн чыккандан кийин кайда барары белгисиз. Алардын чөнтөгүндө эң жакшы дегенде 20 сом бар. Жада калса алардын каттоосу да жок. Мамлекет тарабынан алар үчүн эч нерсе каралган эмес. Өлкөдө балдар үчүн программа иштеп чыгуу керек – балдар үйүнөн чыккандарга жардам берилүүсү керек”, - дейт Никитенко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД