Депутат паспортту өздүктөштүрүүнү бир гана мамкомпанияга ишенүүнү талап кылды

“Өкмөт паспортту өздүктөштүрүү боюнча жарыяланган тендердин шарттары жөнүндөгү өз токтомун аткарбай атат”, - деп Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети паспорт жасоо үчүн компаниялар ортосунда тендер жарыялаган. Бирок, өкмөттүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы токтомуна ылайык, тендер бир гана мамлекеттик мекемелер арасында жарыяланат. Депутат Мамлекеттик каттоо кызматы токтомду бузуп, жалпы тендер жарыялады деп эсептейт. Ошол эле убакта “Учкун” концерни заказ болбогондуктан ишин токтотуп турат.

“Бул иш менен мамлекеттик мекемелер алектениши керек. Ал бар сыяктуу. Анда тендер өткөрүүнүн кандай кажети бар? Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев өздүктөштүрүү менен мамлекеттик компания алектенишине каршы эмес. Же кимдир бирөө бул тендер аркылуу өзүнүн коррупциялык кызыкчылыгын таңуулап атабы?”, - деп кызыкты Зулпукаров.

“Биз жеке менчик компаниялардын паспортторду өздүктөштүрүүсүнө ишене албайбыз. Бул менен бир гана мамлекет алектениши керек. Эмне үчүн сиздер Кыргызстанда бул менен алектене ала турчу орган жок деп айтып атасыздар. Эмне бизде айланабыздын бары эле уурубу? Жок”, - дейт вице-спикер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД