Кыргызстанда Улуттук музыка күнүн бекитүү сунушталды

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова 21-апрелди Улуттук музыка күнү деп белгилөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү 13-декабрдагы жыйынында билдирди.

Мамырова улуттук музыка бул – “бир гана комузда ойноо эмес” деп белгиледи. “Башка да музыкалык аспаптар бар. Биздин аткаруучуларды колдоо керек”, - дейт депутат.

Депутаттар Мамырованын демилгесин колдоого алды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тийиштүү токтомун кабыл алуу пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД