Депутат зыяндуу оюнчуктарды сатыктан алуунун талап кылды

Өкмөт сатыктан зыяндуу кытай оюнчуктарын алуусу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, Жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) кытай оюнчуктарынан зыяндуу заттар – мышьяк, сымап жана коргошун табылгандыгы тууралуу маалыматтар чыгууда.

“Бул оюнчуктар бизде ачык эле сатылып атат. Жаш балдар аларды оозуна салат. Бул катуу ооруга алып келиши мүмкүн. Бирок, өкмөт ЖМКга чыккан маалыматтарга эч кандай чара көргөн жок”, - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД