Тоголок алтын кени аукционго биринчи коюлат

Мамлекеттик геология агенттиги чалгындоо жана алтын кенин иштетүү укугуна ээ болуучу лицензия берүү аукционуна биринчи Тоголок алтын кенин коет. Эскертсек, бир жылдан бери бир да лицензия бериле элек болчу. Бул тууралуу бүгүн Монголиядан келген делегациялар менен болгон жолугушууда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев билдирди. Жолугушууга Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтутунун жана Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү да катышты.

Анын айтымында, аукцион жаңы жана ачык процедуралар менен өтөт. Маалымдалгандай бул маселеге Дүйнөлүк банк колдоо көргөзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД