Депутат Кумтөр жана мародерлук боюнча комитет ишинин жыйынтыгын талап кылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев Кумтөр жана талап-тоноочулук боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарууну талап кылды. Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун да жыйынтыгын чыгаруусу керек дейт ал.

Депутаттын айтымында, парламент “Кумтөр маселесин көңүл сыртында калтырды”. “Балким компания өкмөттү сатып алгандыктан алар унчукпай атабы?”, - деп суроо салды депутат.

Дыйканбаев ошондой эле талап-тоноочулук боюнча комиссия да ишинин жыйынтыгын чыгарышын талап кылды. “Комиссия биздин арабызда мародерлор барбы деген суроого жооп бериши керек”, - дейт ал.

Депутат кээ бир кызмат адамдары талап-тоноочуларды көргөзүүдөн коркуп атышы мүмкүн деп божомолдоду. “Мародерлор Башкы прокуратуранын кызматкерлерин коркутуп жүрүшпөсүн. ИИМ күрөшсүз баш ийип бербейт деп атат жана өздөрү менен кошо алып кетиши мүмкүн”, - деп депутат өз божомолун билдирди.

Дыйканбаев андан ары эмдигиче жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыгы чыга элек деп кабатырланды.

Анын айтымында, кээ бир мыйзам бузууларга карабастан, расмий түрдө шайлоо ачык жана таза өттү деп жарыяланган.

“Жогорку Кеңештин депутаттары бул боюнча бир нече ирет айтышкан, бирок жыйынтык жок. Бийлик укпай атат. Эгер депутаттар адилеттүүлүккө жетише албаса, жөнөкөй жарандар ал тууралуу кыялданбай деле койсо болот”, - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД