Депутат Бекназаровдун парламентте бандиттер менен уурулар бар дегенине жинденди

“Кээ бир оппозициялык саясатчылар парламентти негизсиз эле каралап атат”, - деп депутат Майрамкүл Тиленчиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Азимбек Бекназаров бир гезитке берген маегинде депутаттарды бандит, ууру жана тоногуч деп атаган.

“Ошол эле убакта Жогорку Кеңеш тарабынан эч кандай аракет болгон жок. Биз тез-тезден талашып тартышып келебиз, талаштан тактык жаралат. Кээ бир саясатчылардын биздин талкууларды бурмалап, аны терс жагынан көргөзүүдө. Ошол эле кезде парламентте басмасөз кызматы бар же жок экени түшүнүксүз. Аны эч ким көзөмөлдөбөйт жана эч ким сурап да койбойт. Эмне үчүн басмасөз кызматы парламентти каралаган маалыматтарга эч кандай аракет кылбайт, буга жооп берүүнү суранам”, - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД