ЖАМК: Соттолгондордун 95% ишке жарамдуу 18ден 55 жашка чейинки жарандар

“Кыргызстанда соттолгондордун 95% ишке жарамдуу 28ден 55 жашка чейинки жарандар”, - деп бүгүнкү Кыргызстандын кылмыш-аткаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин жыйынында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдын январына алынган маалымат боюнча Кыргызстандын түзөтүү жайларында 9 832 жаран кармалган. Кылмыш-аткаруу инспекциясынын каттоосунда 5 217 жаран турат.

ЖАМКнын өкүлү соттолгондордун көпчүлүгү оор жана өтө оор кылмыштары үчүн эркинен ажыратылганын кошумчалады. Ал ошондой эле 2012-жылы өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 300гө чейин көбөйгөнүн белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД