Парламент уюлдук операторлор үчүн сатыктан түшкөн салыкты жогорулатууну колдошту

Салык кодексине киргизилген түзөтүүгө ылайык салык 2 пайыздан 5%га чейин жогорулайт.

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттар уюлдук байланыш операторлор үчүн сатыктан түшкөн салыкты 5%га чейин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун колдоого алып, добуш берүүгө жөнөтүштү.

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген түзөтүү жана толуктоолор боюнча мыйзам долбооруна ылайык уюлдук операторлор үчүн сатыктан түшкөн салык 2 пайыздан 5%га чейин жогорулайт.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун колдоп, добуш берүүгө жөнөтүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД