Экономика министрлиги: Уюлдук компаниялар үчүн салык эки айдан кийин жогорулайт

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан үчүнчү окууда колдоого алынган уюлдук компаниялар үчүн сатыктан түшкөн салыктын 2 пайыздан 5% чейин жогорулоосу эки айдан кийин гана ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, Салык кодексине ылайык, салыктардын жогорулоосу эки айдан соң гана иш жүзүнө ашат. Андыктан киргизилген түзөтүү март айынан баштарында гана мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет.

“Жогорку Кеңеш уюлдук компаниялар үчүн сатыктан түшкөн салыкты жогорулатууну кароону создуктуруп ийди. Салык кодексине ылайык салыктардын көбөйүшү эки айдан кийин гана ишке ашат”, - дейт фискалдык саясатты тескеген экономика министринин орун басары.

Белгилей кетсек, Салык кодексине киргизилген түзөтүүнү президент да жактырышы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД