Бишкектеги сауна кызматкери притон уюштурганы үчүн кармалды

Октябрь районунун милиция кызматкерлери коммерциялык секс кызматын көргөзгөн борборду табышты. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан “ВБ”га маалым болду.

Тартип сакчыларына Асанбай кичи районундагы элиталык сауналардын биринде администрация түндө кардарларына чакырык боюнча келүүчү кыздарды сунаштаган.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, саунанын 35 жаштагы кызматкери чакырылган кыздардан да акча алып турган. Администраторду кардарлардан акча алып аткан жеринен кармашкан. Шектелип аткан жаранга карата кылмыш кодексинин “Притон уюштуруу жана ортомчулук” беренелери боюнча кылмыш иши козголот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД