Келдибеков мекемесинин карызы үчүн министрлерди жазалоону сунуштады

“Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларынын тамагы үчүн карыз”, - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты, бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдын бюджетине киргизилген түзөтүүдө Коргоо министрлигине 140 млн сом калтырган, ал кандай болгонда да коргоого алынган ведомствонун чыгымдар статьясын да толугу менен жаппайт. “Айлык акы боюнча 78 млн сом өлчөмүндө карызы бар. Ал эми тамак үчүн 30 млн сом. Андан сырткары камсыздоо боюнча 5 млн сомдой карызы бар. Коммуналдык кызмат үчүн 15 млн. Транспорт министрлигине карыздарын төлөө үчүн 60 млн сом калтырылды. Ушундай эле себеп менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да 45 млн сом калтырылды”, - дейт Келдибеков.

Ал ошондой эле Билим берүү министрлигинин мектеп окуучуларынын тамагы үчүн карызы бар экенин белгиледи. “Бүгүнкү күнү ведомствонун окуучулардын тамагы үчүн үч айлык карызы турат. Бул бир гана шаардык мектептер үчүн. Айылдык мектептерди кошпой эле коелу. Бир мектеп үчүн балдардын тамагына 180 миң сомдой кетет. Айлык акы тууралуу айтып кереги жок. Алгач мугалимдердин айлыгын 14 миңге чейин көтөрүштү, азыр алар 4 миң сомдон алууда. Анда айлыкты жогорулатуунан кандай кажети бар эле?”, -деп суроо салды Келдибеков.

Депутат ошондой эле аткарылбаган ушул сыяктуу иштерге ведомствонун жетекчилери жооп бериши керек деп белгиледи. “2012-жылдын бюджетин кабыл алып атканда биз чатырларда окуган балдар барбы деп сураганбыз. Жок деп жооп беришкен. Азыр болсо андай мектептерден 14ө бар экени ортого чыкты. 4-5 министрликтердин жетекчилери мындай абалга жооп бериши керек”, - деп кошумчалады эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД