Мамтилге өзгөртүү киргизүү мыйзамын депутаттар биринчи окууда колдоого алышты

Парламент депутаттары биринчи окууда мамтилге өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамды колдоого алышты. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 13-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик тил боюнча мыйзамды бузган мамлекеттик кызматкерлерге административдик айып пул каралган. Жеке тараптарга 1 миңден 2 миң сомго чейин айып пул каралса, жетекчилерге 5 миңден 10 миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга 20 миңден 50 миң сомго чейин каралган.

Белгилесек, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болуп “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева чыгууда. Ал документ менен парламентти 12-декабрда тааныштырган. Анын айтымында, долбоорго ылайык, мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттүү жана анда иш өндүрүшүн алып бара алуусу керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД