Бишкекте опузалоо боюнча төрт өспүрүм кармалды

Борбор калаадан милиция кызматкерлери опузалоо боюнча төрт өспүрүмдү кармады. Бул тууралуу Бишкек Ички иштер башкы башкармалыгынын басмасөз кызматынан билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, жаш рэкетирлер кичүү класстын окуучуларына салык салышкан. Мектептин ар бир окуучусу аларга акча берип турушу керек болгон. Бүгүнкү күнү милицияга жабыркаган алты баланын ата-энеси кайрылышкан.

Свердлов РИИБинин милициянын испекторлору өткөргөн “Капкан” жана “Экстремист” рейди учурунда изи сууй электе акча алып аткан жеринен өспүрүмдөр кармалган. Кармалгандардын эң улуусу 15 жашта, анын жанындагылар андан да жаш болушкан.

Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД