2012-жылы чек арачылар 20 млн сомдук контрабанда кармашкан

2012-жылы чек арачылар дээрлик 20 млн сомдук контрабанда кармашкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда Ошто мамлекеттик чек ара кызматынын 2012-жылдагы кызмат-аскердик ишинин жыйынтыгын чыгарып, 2013-жылга карата мамлекеттик чек араны коргоо милдеттерин такташты.

Маалымдалгандай, быйыл мамлекеттик чек араны бузган 334 киши, чек аралык режимди бузган 22 киши, чек аралык режимди бузган 43 факты. Ошондой эле жалпы суммасы 19 млн 595 миң 941 сомдук контрабанда кармалган. 124 кг 436 грамм маңзат, түрдүү калибрдеги 143 даана ок-дары, эки граната, эки жасалма жарылуучу зат колго түшкөн.

Бул белгиленген убакыт ичинде мамлекеттик чек арадан 12 млн 938 миң 353 киши өткөн. Андан сырткары 1 млн 325 миң 61 транспорт унаалары өтсө, 365 киши түрдүү себептерден улам депортацияланган.

2012-жылы Айдаркен чек ара отряды эң мыкты деп табылган. Ал эми кызмат-аскердик ишмердиктин жыйынтыгы боюнча Айдаркен чек ара отрядынын “Кадамжай” чек ара тосоту эң мыкты чек ара тосоту деп табылды. Акчалай сыйлыктан тышкары чек ара тосоту “Нива” автомашинасын белекке алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД