КМДБнын мурдагы башчысына 8 млн сом уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы жетекчиси Чубак ажы Жалиловго карата 8 млн сомду уурдап алды делинип, 31-октябрда кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу МУККдагы жеке булак бүгүн 14-декабрда “ВБ”га билдирди.

Булактын маалыматына ылайык, Жалиловдон сыртка чыкпоо боюнча тил кат алынган. Ошондой эле бул иш боюнча Кыргызстандын муфтий милдетин аткаруучу Рахматулло ажы Эгембердиев да өтүп атат. Ал кандай негизде өтүп аткандыгы азырынча маалымдала элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД