Башкы бажычыга Жылдызкан Жолдошованы жалаа үчүн сотко берүүнү сунушташты

КСДП фракциясынын бүгүнкү 14-декабрдагы жыйынында депутат Эгемберди Эрматов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошованын аны коррупция боюнча айыптаганына эмне үчүн эч кандай жооп кайтарбагандыгына кызыкты.

“Жолдошова сизди коррупция боюнча айыптап, элдин акчасын уурдап бүткөндөн кийин Орусияга качып кетүүгө ниеттенүүдө деп айтты. Эмне үчүн унчукпайсыз? Төгүндөө бериш керек, ал элди адаштырып атпайбы. Сиз унчукпасаңыз, коомчулук сизди коррупционер экен деп ишенет”, - дейт Эрматов.

Кулматов депутат Эрматовдон депутаттын айткандарына түшүндүрмө берүү канчалык туура болот деп сурады. “Мен ал депутат болгондуктан конфликтке барбай эле коеюн деп ойлодум. Мен ал киши менен жолуктум, ал барын төгүндөп, журналисттер аны туура эмес түшүнүп, анын сөзүн бурмалап салышканын айтты. Эмне кылышыбыз керек – Жолдошованы жалган жалаа үчүн сотко беришибиз керекпи?” - деп суроо салды ал.

КСДП фракциясынын бир катар депутаттары дал ушундай чечим болушу керек дешти. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков Кулматов ЖМК түшүндүрмө бериши керек деп баса белгиледи. “Бул өтө олуттуу айыптоо, сиз унчукпай отурбашыңыз керек. Аракет кылуу керек”, - дейт ал.

Кулматов ушул айдын аягында Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрө турганын айтып, ошондой эле Жолдошованын билдирүүсүнө түшүндүрмө берүүгө сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД