Чөнтөкчү маршруткадан кармалды

Борбор калаадагы №206 маршруттук таксиден чөнтөк аңтарып аткан жеринен 1983-жылы туулган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бишкек Ички иштер башкы башкармалыгынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Бишкектеги “Касым” жаңы конушунун тургуну болгон.

Аны тинтүү учурунда жанынан 5 мобилдик телефон жана портмоне табылган.

Алдын ала иликтөөдө маалым болгондой, кармалган жаран буга чейин да маршруттук таксилерде чөнтөкчүлүк менен шугулданган.

Ал камакка алынып, тергөө иши жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД