Замир Бекбоев: Борбор калаа финансы жагынан көз карандысыз болуусу керек

“Кыргызстандын борбору финансылык жактан көз карандысыз болуусу керек, же болбосо шаар өнүкпөйт”, - деп Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс” фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Замир Бекбоев билдирди. Жыйында “Борбор калаанын статусу жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланууда.

“Борбор калаа республикалык бюджеттен көз каранды болбой, өз бюджети болгондо гана чыныгы борбор боло алат”, - дейт ал.

Анын оюнда Бишкек финансылык көз карандысыздыкты алмайынча өнүгө албайт. “Бүгүнкү күнү мэрия чогулган салыктардын 20 пайызын гана өзүндө калтырат. Кайсыл жерге мектеп куруу керектигин муниципалитет эмес, борбордук бийлик чечет”, - деп кошумчалады Бекбоев.

Токон Мамытов премьер-министрге шаар мэрлери ишеничти жоготкондо Жогорку Кеңештин көрсөтмөсү менен аларды кызматтан алуу укугун берүүнү сунуштады. “Министрлердин талапкерлигин биз сунуштай алабыз, мэр менен губернаторлорду сунуштай албайбыз. Эл мэрге нааразы болгон учурда аны кызмат ордунан эч ким ала албайт”, - дейт депутат.

Бекбоев мындай демилгени өкмөт менен биргеликте талкуулоо керектигин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД