Адис: Эл мажоритардык шайлоо системасын кайтарууну каалашат

Кыргызстандын калкы мажоритардык шайлоо системасын кайтарууну каалашат. Бул тууралуу “Ар-Намыс” фракциясынын бүгүнкү жыйынында Oxus International уюмунун адиси Аида Алымбаева билдирди.

Эскертсек, Эларалык мамилелер улуттук демократиялык институту Кыргызстандын жети облусунда фокус-группалык “Парламенттин ишмердигин жарандардын кабыл алуусу” аттуу изилдөө жүргүзүшкөн. 22 топтун ар биринде 8ден 10го чейин киши болгон.

Алымбаева иликтөөнүнү жыйынтыгы көргөзгөндөй Кыргызстандын эли пропорционалдык шайлоо системасынын ордуна мажоритардык системанын келүүсүн каалашат. Анын айтымында шайлоочулар пропорционалдык шайлоо системасын киргизгенден кийин элдин жергиликтүү органдар менен болгон байланышы начарлаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД