Жарыктын өчүрүлгөнүнө нааразы болгондор президенттин кортежин тосууну каалашат

“Президент, чындыкты угуңузчу” деп жазылган транспаранттар менен Шота Руставели көчөсүндөгү №103 үйдүн тургундары президенттин кортежин тосууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн аталган үйдүн жашоочусу Гуля Салиева “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, мындай кадамга алар Шота Руставели көчөсүндөгү №103, 103а жана 105 үйлөрдө электр энергиясы системалык түрдө өчүрүлүп аткандыктан барууга аргасыз.

“Бул үйлөрдө жарык күн сайын бир канча саатка өчөт. Түндө да өчөт. Анысы аз келгенсип, бул убакта “тынымсыз телефонго” чалып, өчүрүүнүн себебин билүү такыр мүмкүн эмес. Анан калса Батыш райондук электр станциясынын диспетчери телефонду албайт же линия дайыма бош болбойт”, - дейт Салиева.

Ал өткөн жылы да аталган үйлөрдө жарык болбогонун айтты. “Өткөн жылы тез-тезден жарык өчкөндүктөн биз кышында кыйынчылык тарттык. Андан сырткары кычырыган суукта үйдөгү жылытуучу батереялар да муздап калчу. Өткөн кыштан ошентип кыйналып-кысталып атып эптеп чыктык. Бул жылы кышты жакшы өткөрөбүз деп үмүттөнгөн элек. Суук түшкөндөн бери биздин үйлөрдөгү жарыкты былтыркыдан да көп өчүрө башташты”, - дейт ал.

Салиева “кара чакмактын” жашоочулары колуна плакат кармап митингге чыгууну ойлоп атканын айтат. “Президент, чындыкты угуңузчу деп жазып, президенттин кортежи өткөн Ахунбаев менен Тынчтык проспектисине чыгабыз. Ошондо гана биздин талабыбызды тийиштүү атка минерлер угат деп ишенгибиз келет”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД