Садыркуловдун өлүмү боюнча корутунду берген эксперттер жоопко тартылат

“Медет Садыркуловду өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгын алмаштырган эксперттер мыйзам алдында жоопко тартылат”, - деп “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, КР президентинин мурдагы аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча туура эмес корутунду чыгарган эксперттерге карата кылмыш иши козголду.

“2009-жылы эксперттер өлүмдүн себеби өрт деп чыгарган, бирок Садыркулов өлтүрүлгөн. Мендеги маалымат боюнча эксперттерге карата кылмыш иши козголду. Эмнеден улам өлгөндүгүн соттук-медициналык экспертиза текшерген. Андан сарткары Садыркулов ичинде болгон өрттөнгөн машинаны текшерген өрт өчүрүү экспертизасынын тийиштиги бар же жок экендиги текшерилүүдө”, - дейт министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД