КМДБ: Каражаттын уурдалуусуна Кыргызстан муфтийинин тиешеси жок

“Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев 8 млн сомдун уурдалуусуна эч кандай тиешеси жок”, - деп Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан (КМДБ) “ВБ”га билдиришти.

КМДБнын өкүлү билдиргендей, муфтий милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев Уламалар кеңеши тарабынан дайындалган соң Хадж жана умра борбору менен “Вакф” фондун “пайдасыз” деп, ал жакта акча уурдалып аткан имиш деген ой менен жойгон деп атат. Бирок бул андай эмес, - дейт КМДБнын өкүлү.

“8 млн сом салык төлөмдөрүнөн улам топтолгон. Ал ажы башчылардын айлык акысы. Ажы башчылар ар бир зыяратчы үчүн 100 доллардан алган”, - деп белгилешти КМДБдан.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын өкүлү билдиргендей, “Вакф” фонду мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун убагында КМДБнын алдында жеке компания катары түзүлгөн. Ал салык кызматына салык төлөшү керек болчу. Бирок андай болгон эмес. Ал эми диний фонд эч кандай төлөм төлөбөйт.

“Муфтий Эгембердиев Чубак ажы Жалиловдун иши боюнча күбө катары гана өтүүдө”, - деп белгиледи КМДБ.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД