Депутат: 15 депутат менен жыйынды өткөрүү - төраганын өзүн сыйлабагандык

“Төрага Асылбек Жээнбековдун 15 депутат менен жыйын өткөрүшү – өзүн сыйлабагандык”, - деп парламенттеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын жыйынында анын лидери Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Жыйында “Ата-Журт” фракциясынын ички регламенти талкууланууда. Абдылдаевдин айтымында, фракцияда мындай абал кайталанбашы керек.

“Көп учурда парламенттин пленардык жыйындарын төрага 15 депутаттын катышуусунда өткөрүүдө. Бул биринчи кезекте төрага өзүн сыйлабагандыгын көргөзүп турат. Ушундай ишке болгон мимиледен кийин парламент акимдерден жана башка түзүмдөрдүн жетекчилеринен кантип дисциплинардык тартипти талап кыла алат?”, - деп суроо салды Абдылдаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД